11-март күнү Байдылда Сарногоевдин чыгармалар жыйнагынан алынган ырлардан, 5- 6- класстын окуучулары арасында көркөм окуу конкурсу болуп өттү. Анда, окуучулардын көркөм окуу чеберчилигин көрүп, даярдыктары мыкты болгонун калыстар тобу белгиледи. Иш- чараны мектептин китепканачысы Дегенбаева Ырыс уюштурган.
12- март ишемби күнү, Дельта компаниясынын жетекчиси Данияр мырза компьютердик сабаттуулук боюнча мугалимдерге тренинг өттү.
11-мартта мектепте 9-класстын окуучулары арасында «Окуучуларга карата зордук зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо» темасында иш-чара болуп өттү. Иш чарага Нарын шаардык мэриясынан, шаардык прокуратурадан, билим берүү бөлүмүнөн, ички иштер бөлүмүнөн, социалдык тармактан келип катышты. Иш чарада окуучулар зордук зомбулуктун 5 формасы боюнча сахналаштырган көнүгүүлөрду аткарышты. Келген коноктор окуучулар менен баарлашып,…