Новости

11-март күнү Байдылда Сарногоевдин чыгармалар  жыйнагынан алынган ырлардан, 5- 6- класстын окуучулары арасында көркөм окуу конкурсу болуп өттү. Анда, окуучулардын көркөм окуу чеберчилигин көрүп, даярдыктары мыкты болгонун калыстар тобу белгиледи. Иш- чараны мектептин китепканачысы Дегенбаева Ырыс уюштурган.
12.03.2022 163
12- март ишемби күнү, Дельта компаниясынын  жетекчиси Данияр мырза компьютердик сабаттуулук боюнча мугалимдерге тренинг өттү.
12.03.2022 138
11-мартта  мектепте 9-класстын окуучулары арасында «Окуучуларга карата зордук зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо» темасында иш-чара болуп өттү.  Иш чарага Нарын шаардык мэриясынан, шаардык прокуратурадан, билим берүү бөлүмүнөн, ички иштер бөлүмүнөн, социалдык тармактан келип катышты.  Иш чарада окуучулар зордук зомбулуктун 5 формасы боюнча сахналаштырган көнүгүүлөрду аткарышты. Келген коноктор окуучулар менен баарлашып, өз тармактары боюча тарбиялык сөздорду […]
12.03.2022 119
мектебибизде 2021-2022-окуу жылында бардык предметтер боюнча «Предметтик жумалыктар» өтүп жатат. Ар бир усулдук бирикме окуучулар үч ун кызыктуу, мугалимдер үчун пайдалуу сабактарды, иш чараларды өткөрүштү. Жаш мугалимдер үчүн тажрыйба топтоо үчүн жакшы саамалык. Мугалимдер сабактарга жаны интерактивдүү ыкмаларды жана жаңы техноогияларды колдонуу менен өтүп жатышат.
26.02.2022 95
Нарын шаарындагы мектептердин окуучулары арасында 2022-жылдын 13,14-январында предметтик олимпиада өткөрүлдү. Предметтик олимпиада Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жалпы орто билим берүүчү №8 мектебинде болду. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамбетов К.Т. жалпы командалык эсеп боюнча В.Чкалов атындагы №2 мектеп гимназиясы биринчи орун, Арстанбек Буйлаш уулу мектеби 2-орун, №10 Ж.Чолпонбаев мектеби 3-орунду камсыз кылгандыгын […]
25.01.2022 95
Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган «Жыл мугалими-2021» кароо-сынагына физика мугалими Байсеркеева Жылдыз катышып, байгелүү орунга ээ болду.
27.11.2021 155
«Тынчтык куруу жана өнүгүү» институтунун «Тынчтык куруу» долбоорунун алкагында Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жалпы билим берүүчү №8 мектебинде «Прогресс» тынчтык клубу түзүлгөн. «Прогресс» тынчтык клубунун иштөө багыттары: 1. Тынчтык курууга багытталган иш-чаралар. 2. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу. 3. «Кыргыз жараны»концепциясынын алкагында иш-чаралар. 4. Тынчтык клубдарын өнүктүрүү жана оуучулардын инсандык өнүгүүсүнө багытталган иш-чаралар
27.11.2021 148
11″в»классында 1-декабрь СПИД күнүнө карата «Биз СПИДке каршыбыз!!!»аттуу ачык саат өтүлдү. Класс жетекчиси Токтогулова Аймира эже видео аркылуу түшүндүрүп,  окуучулар менен кызуу талкуу жүргүздү. Ошондой эле, Карыбек кызы Роза Эпидимиолог-СПИД центрындан келип 9,10,11-класстын окуучулары үчүн СПИД жөнүндө маалымат,статистика жана суроо-жооп форматында семинар өттү. Семинардын аягында окуучуларга буклеттер таратылды.
26.11.2021 194
Бүгүн, 12-декабрь — улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун туулган күнү. Биздин мектепте  да залкар жазуучубузга арналган сабактар, иш-чаралар ѳткѳрүлүп жатат. Иш-чаралар кыргыз тили, орус тили жана англис тили секциялары тарабынан 3 тилде жана ар бир класста класстык сааттар, класстан тышкаркы иш-чаралар.
25.01.2021 144
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору!Мен чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайм!Бул жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, ишенимдүү достор үчүн, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы!
25.01.2021 120
«Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Анын манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат. Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак тилдерине которулган. «Манас» 2013-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастар шедеврларынын тизмесине […]
25.01.2021 128