Предметтик олимпиада
Нарын шаарындагы мектептердин окуучулары арасында 2022-жылдын 13,14-январында предметтик олимпиада өткөрүлдү. Предметтик олимпиада Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жалпы орто билим берүүчү №8 мектебинде болду.
Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамбетов К.Т. жалпы командалык эсеп боюнча В.Чкалов атындагы №2 мектеп гимназиясы биринчи орун, Арстанбек Буйлаш уулу мектеби 2-орун, №10 Ж.Чолпонбаев мектеби 3-орунду камсыз кылгандыгын билдирди. Биздин мектептен география сабагы боюнча 2 окуучу, орус тили жана адабияты сабагы боюнча 1 окуучу, англис тили сабагы боюнча 1 окуучу, кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча 1 окуучу облустук предметтик олимпиадага жолдомо алышты.
1. Эркинбеков Ислам — география сабагынан I орун, мугалими Мамбетказиева Ажар Айдарбековна;
2. Рысбеков Ринат — география сабагынан II орун, мугалими Мамбетказиева Ажар Айдарбековна;
3. Жолдошбекова Адинай — англис тили сабагынан II орун, мугалими Абдраева Жайнагуль Замирбековна;
4. Руслан кызы Сезим — кыргыз тили сабагынан II орун, мугалими Мамбеталиева Гулзат Акматбековна;
5. Зарылбекова Фатима — орус тили сабагынан II орун, мугалими Солтонкулова Рамда Рахимовна.
2 окуучубуз III орунду камсыз кылышты:
1. Дөөталиева Айканыш — биология сабагынан, мугалими Усупова Гуля Мукашовна;
2. Ильичбек кызы Сезим — кыргыз тили сабагынан, мугалими Токтогулова Тумар Орозаалиевна.
Комментарии